Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 17:09

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө сегиз күнгө тыюу салынды


Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын митинги. 3-июль, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту баш калаанын борбордук бөлүгүнө 12-июлдан 20-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салды. Бул соттон алынган маалыматка караганда, мындай арыз менен Биринчи май районунун жетекчилиги кайрылган. Ага 12-июлда Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин келиши жана бир катар расмий иш-чаралар себеп катары көрсөтүлгөн.

Буга байланыштуу Бишкек мэриясы бардык митинг-акцияларды Горький атындагы гүлбакча өткөрүүнү сунуш кылып жатат.

Өткөн апталарда Бишкектин мэри Азиз Суракматов шаар тургундарын митингге чыкпоого чакырып, мэрия кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

Ага чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Бишкекте митинг өткөрөрүн жарыялашкан болчу. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG