Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:17

Путинге каршы жолго чыккан бакшы Читада нааразылык акциясына катышты


Бакшы Александр Габышев.

Орусиянын президенти Владимир Путинге карыш жөө жүрүшкө чыккан якутиялык бакшы Александр Габышев Чита шаарында массалык митингге катышты. Шаарда гайд-паркта өткөн митингди «Жарандык тилектештик» уюму жана коммунисттер уюштурган. 700дөн ашык киши топтолгон митингдин башкы урааны «Путинсиз Орусия» болду.

Митингде сөз сүйлөгөн бакшы Габышев Путинге каршы сөз сүйлөп, эки жыл ичинде Москвага жетүүнү көздөп жатканын билдирди.

51 жаштагы Александр Якутск шаарынан Москваны көздөй беш ай мурда чыккан. Ал өзүн «Орусияны кара күчтөн тазалай турган бакшы жоокермин» деп эсептейт. Бакшы 2021-жылы Москвага жетип, дубанын күчү менен Владимир Путинди тактан түшүрүүнү ниет кылганын айткан.

Буга чейин Чита чиркөөсүнүн өкүлү Габышевдин нааразылык акциясына катышуусун сынга алып, анын психикалык саламаттыгын текшерүүнү сунуш кылган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG