Сауд Арабиясы 2019-жылы ажылыкка барыш үчүн кыргызстандыктарга 6010 орун бөлдү. Бул былтыркыдан 500 орунга көп. Зыяраттын баасы бир кишиге 3000 доллар болду.
Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдиргендей, алгачкы топ 16-июлда, акыркы топ 1-августта жөнөйт. Жалпысынан Бишкектен жана Оштон 18 авиакаттам болот.
Кыргызстандык зыяратчыларга бирдей кийимдин үлгүсү февралда тандалган. Анын баасы 1500 сом деп чечилген. Ажылыкка аттангандар эмдөөдөн өтүп, даярдыктар уланып жатат.
Былтыр Кыргызстанга ажылык үчүн 5485 квота бөлүнүп, зыяраттын баасы бир кишиге 2890 долларды түзгөн.
Ажылык амалды аткаруу - ислам дининдеги негизги беш милдеттин бири. Зыярат жылына бир жолу болот. Мусулмандар Курман айт намазын Сауд Арабиясынын Мекке шаарында окуйт. Зыяраттар калаадагы Кааба имаратынын тегерегинде, Мадина шаарындагы ыйык саналган жерлерде болот.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда калктын 90 пайызга жакыны мусулмандар. (SЕ)