Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:11

Кадыралиева менен Келдибаевдин талашына байланыштуу сот чечими чыкты


Депутат Сагындык Келдибаев жана экс-депутат Ыргал Кадыралиева.
Депутат Сагындык Келдибаев жана экс-депутат Ыргал Кадыралиева.

Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеваны аны менен соттошуп келген депутат Сагындык Келдибаевге 50 миң сом моралдык чыгым төлөөгө милдеттендирди. Келдибаев «Азаттыкка» мындай чечим 5-июлда чыкканын билдирди:

- Эгер моралдык чыгымды төлөсө, мен ал каражатты балдар үйлөрүнө котором.

Ыргал Кадыралиева бул ишке байланыштуу бир аз убакыттан соң комментарий берерин айтты.

Сот чечиминде белгиленгендей, 2018-жылы Кадыралиева Бишкектеги басма сөз жыйынында Келдибаевдин кош жарандыгы бар экенин, паспортту алдоо жолу менен алганын айткан.

Келдибаев Кадыралиеваны «жалган маалымат таратты, кадыр-баркыма шек келтирди» деп айыптап, сотко кайрылган. Ал Кадыралиевадан жети миллион сом талап кылган.

Кадыралиева өз айткандарын сотто далилдей аларын билдирип, Келдибаевдин үстүнөн сотко арыз жазып, ал да жети миллион сомдук доо койгон.

Келдибаев менен Кадыралиеванын жеке араздашуусу, соттошуусу 2014-жылы башталган. (SE)

XS
SM
MD
LG