Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Токмок: шаардык кеңештин депутаты Жансейитовдун тарапташтары соттун алдына чогулушту


Тынай Жансейитовдун тарапкерлери. 15-июль, 2019-жыл.

Токмок шаардык сотунун имаратынын алдына шаардык кеңештин депутаты Тынай Жансейитовдун тарапташтары чогулду. Алар айыпталуучу катары соттолуп жаткан Жансейитовго негизсиз куугунтук болуп жатканын айтып арызданышууда.

Жергиликтүү тургун Данияр Дыйканбаевдин айтуусунда, бул ишке Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев кийлигишип, шаардык кеңештин депутатын камоо тууралуу укук коргоо органдарына көрсөтмөлөрдү берип, басым кылып жатат.

Тынай Жансейитов ​2018-жылдын 26-августунда «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, эл аралык издөөгө алынган. Жансейитов ушул жылдын апрель айында милицияга өзү келген. Токмок шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

Жансейитовдун тарапташтары депутатка карата тынымсыз басым болуп жатканын айтышса, парламент депутаты Урмат Самаев ага карата дооматтарды жокко чыгарды. (SDz)

XS
SM
MD
LG