Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Баткен-Зардалы жолуна жаңы көпүрө курулду


Жөө адамдар жүрүүчү жолдогу жаңы көпүрө. Зардалы, Баткен. 13-июль, 2019-жыл.
Жөө адамдар жүрүүчү жолдогу жаңы көпүрө. Зардалы, Баткен. 13-июль, 2019-жыл.

2016-жылы сел алып кеткен көпүрөнүн ордуна Зардалы жана Кара-Бак айылынын тургундары ашар жолу менен көпүрө курушту. Көпүрөнүн ачылышы 13-июлда болду. Баткен районунун акиминин орун басары Таалайбек Ибрагимовдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, көпүрөнүн курулушуна баш-аягы 3 млн. сомдук каражат сарпталган.

- Көпүрө бузулгандан кийин биз көпүрөнү калыбына келтирүү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылганбыз. Алар бизге көпүрөнүн курулушуна керектелүүчү материалдарды алып беришти. Жалпысынан 1,5 млн. сомдук курулуш материалдары кеткен. Мындан тышкары жергиликтүү элдин күчү менен ашар жолунда көпүрө курулуп бүттү, - деди акимдин орун басары.

Жергиликтүү элдин айтуусунда көпүрөнүн курулушуна керектелүүчү материалдарды зардалылыктар өздөрү жөө, эшек менен ташып, көпүрөгө жеткиришкен. Чет жакта миграцияда жүргөн Кара-Бак айылынын тургундары акчалай жардам көрсөтүшкөн.

Көпүрөгө аны бирден темирди кураштырып ширетип чыккан уста Урайым Саркаровдун аты берилген.

Баткен районунун алыскы Зардалы айылына автоунаа баруучу жол жылына төрт-беш ай гана ачык болот. Жергиликтүү эл негизинен тоо кыркасында жайгашкан жөө жүрүүчү кооптуу чыйыр жол менен каттайт. Бул жол менен жайында элдин малы да жайлоого айдалат. Жүк-таштын баары ат-эшек менен ташылат. (MdN\ZKo)

XS
SM
MD
LG