Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Москвада ишкер Дмитрий Мазуров кармалды


Дмитрий Мазуров.
Дмитрий Мазуров.

Ишемби күнү Москванын Шереметьево аба майданында «Новый поток» компаниясынын негиздөөчүсү, Тюмендеги Антипинск мунай заводунун мурдагы ээси Дмитрий Мазуров кармалды. Бул тууралуу компаниянын 14-июлда тараткан маалыматында айтылат.

«Коммерсант» басылмасынын жазганына караганда, Мазуров Сбербанктын, Промсвязьбанктын жана Абсолют-банктын жалпы суммасы 3 миллиард болгон насыя каражаттарын уурдаган деп шек саналууда.

Тергөө комитети ишкерди чет өлкөдөн кызматтык сапарынан келгенде кармаган.

«Forbes» басылмасынын жазганы боюнча, Тергөө комитетине жана прокуратурага арызды Антипинск заводунун юристтери жазышкан. Ошол эле кезде иш козгоо тууралуу демилге Сбербанктан чыкканы айтылууда. Дмитрий Мазуров Антипинск мунай заводун Сбербанктын акчасына нөлдөн баштап тургузган.

XS
SM
MD
LG