Өзбекстандын Ригадагы элчилиги «Азаттыктын» өзбек кызматына Финляндия билими тууралуу жасалма документтерди көрсөткөн өзбекстандык 140 жаранды өлкөдөн чыгарганын ырастады.
Өткөн бейшемби күнү Финляндиянын «Yle» телеканалы Миграция кызматы 140 өзбекстандыкты өлкөдөн чыгаруу жөнүндө чечим чыгарганын кабарлаган. Аларды мекеме «жумушка алуу учурунда «курулуш техникумун бүтүргөн» деген жалган документтерди тапшырган» деп күнөөлөгөн.
Маалыматтарда өзбек жарандары жумушка документтерди толтурганда 1993-жылы эле жабылып калган техникумдун дипломдорун көрсөткөнү айтылат. Аларга жасалма дипломдор 1997-2016-жылдары берилгени маалым болгон. Финляндияда Өзбекстандын 800дөй жараны бар, алардын көбү курулушта иштейт.