Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Орусияда жол кырсыгынан алты киши мерт болду


Орусиянын мамлекеттик телеканалы көрсөткөн видеолордо автобус аңтарылып жатканын көрүүгө болот. 14-июль, 2019-жыл.
Орусиянын мамлекеттик телеканалы көрсөткөн видеолордо автобус аңтарылып жатканын көрүүгө болот. 14-июль, 2019-жыл.

Башкырстанда автобус жол кырсыгына кабылып, алты адам мүрт кетти, дагы 20дай адам ар кандай деңгээлде жаракат алган.

39 жүргүнчү түшкөн автобус Татарстандын Набережные Челны шаарына бара жаткан. Орусиянын мамлекеттик телеканалы көрсөткөн видеолордо автобус аңтарылып жатканын көрүүгө болот.

Жол кырсыгынын себеби так белгисиз. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

ТАСС агенттиги автобустун айдоочусу буга чейин да ылдамдыкты чектен ашырганы үчүн бир канча жолу жазаланганын жазды.

XS
SM
MD
LG