Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Алматынын көп районунда электр энергиясы өчтү


Алматынын көчөсү. 15-июль, 2019-жыл.
Алматынын көчөсү. 15-июль, 2019-жыл.

Казакстандын эң чоң шаары Алматыда жол чырактар иштебей, троллейбустар токтоп, көчөлөрдө узун тыгын пайда болду. Электр жарыгы өчүп калганы тууралуу шаардын ар кайсы аймактарынын тургундары кабарлашты. Алматы метросу жардамчы электр энергиясын колдонууга өттү, бирок станцияларга адамдар киргизилбей жатканы кабарланды.

Акыркы маалыматтар боюнча бир катар райондордо электр энергиясы жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00гө жакын калыбына келди.

Алматы шаарынын башкармалыгы аварияга №2 электр жылуулук борборундагы техникалык бузулуу себеп болгонун маалымдады. Шаар бийлиги электр энергиясы бир же бир жарым саатта калыбына келе турганын билдирүүдө. Авариянын себеби изилденип жатат.

XS
SM
MD
LG