Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Ош: Жарым жылда жол кырсыктарынан 52 адам мерт болду


Ош-Баткен жолунда болгон автокырсык. 14-июль, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош-Баткен жолунда болгон автокырсык. 14-июль, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмү маалымдады. Ага ылайык, 10-11-июль күндөрү бул боюнча атайын рейд ѳткѳрүлдү. Рейд учурунда жол эрежеси бузулган 416 учур катталды. Алардын ичинен ичимдик ичип алып машине айдаган 4, айдоочулук күбөлүгү жана документи жок 6 айдоочу кармалып, жалпысынан айып токтотмого 10 машине киргизилди. Ош ОИИБинин жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Айжигит Зикировдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, башка аймактарга караганда Кара-Суу районунда жол кырсыгы көп катталат.

- Ушундан улам бул районго өзгөчө көңүл бурулду. Кара-Суу районунда жол белгилери жана жөө жүргүнчүлөр өтө турган сызыктар бар экенине карабай, айдоочулар жол кыймыл эрежесин бузары аныкталды, - деди ал.

Расмий маалыматтар боюнча быйыл жарым жылда Ош облусунун аймагында 261 жол кырсыгы катталган. Андан 52 адам каза болуп, 434 жаран түрдүү жаракат алган.

Кара-Суу районунда 111 жол кырсыгы катталган, 17адам каза болуп, 184 жаран түрдүү жаракат алган. (MdN\ZKo)

XS
SM
MD
LG