Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Кочкордо мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду коргоо штабы ачылды


Сапар Исаковду коргоо штабы.
Сапар Исаковду коргоо штабы.

Нарындын Кочкор районунда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду коргоо боюнча штаб ачылды. Экс-премьердин кичи мекениндеги жеке менчик үйлөрдүн бирине ачылган штабга каалоочулар барып, аны абактан бошотууну талап кылган кайрылууга кол коюп келсе болот. Бул тууралуу Исаков мүчө болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдирди:

- Кочкор районунун тургундарынын өз демилгеси менен ачылды. Алар президентке кайрылып, ишти калыс кароону сурап жатышат.

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG