Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Индия Айга ракета учурууну башка күнгө калтырды


Ай.
Ай.

Индиядан Айга жөнөп жаткан ракета учууга бир саат калганда токтотулуп, башка күнгө калтырылды. Бул тууралуу 15-июлда Индиянын космостук изилдөөлөр уюму (ISRO) билдирди.

Техникалык мүчүлүштүктөн улам учуунун кечиктирилгени айтылды, бирок так себеби маалымдалган жок. Кайсыл күнгө жылдырылганы да кабарлана элек.

Ракета космоско "Chandrayaan-2" станциясын алып чыгып, Айдын түштүк тарабына конушу керек эле. Бул аппарат Айдын бетинде суунун изи бар-жогун да изилдемек.

Эгер долбоор ишке ашса, Индия АКШ, Орусия жана Кытайдан кийин Айга ракета кондурган төртүнчү мамлекетке айланат.

XS
SM
MD
LG