Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүү жүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Исфара шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар чек аранын сызыгын жумушчу түрдө чийишип, жаңы сунуштарды талкуулашты. Анда Баткен облусунун Баткен районундагы айрым чек ара участокторун жеринде текшерүү жөнүндө макулдашылды. Маалыматта сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүү жана достук маанайда өткөнү белгиленген. Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында пландаштырылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450 чакырымы тактала элек.(КЕ)

XS
SM
MD
LG