Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

Кыргызстандык зыяратчылар тобу Меккеге бүгүн жөнөшөт


Сауд Арабиясы
Сауд Арабиясы

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча 16-июлдан 17-июлга караган түнү жөнөп кетишет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Аларды аба майдандан муфтий Максат Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү баш болгон ажылар узатат. Бишкек шаарынан учуучу 392 ажыны сегиз ажы башчы коштоп барат.

Муфтият буга чейин Курман айттын болжолдуу датасын 10-11-августка белгилеген. Так дата 6-августтан кийин, айды кароо жөрөлгөсүнөн соң болот.

Курман айт ажылык сапардын этегине туш келет. Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5510 орун бөлгөн. Зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге 16-июлда жөнөйт. Ажылыктын баасы жогорулап, 3000 доллар деп белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG