Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Чаткалда Жээнбеков убада берген спорт залдын курулушу баштала элек


Чаткал.
Чаткал.

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда убада берген спорт залдын курулушу баштала элек. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев райондун эли менен жолугуп жаткан учурда айыл тургуну Тынарбек Сапарбек уулу билдирди. Анын айтымында, эки жыл мурун ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Чаткалда эл менен жолугушкан учурда, тургундар бул аймакта спорт комплекси жоктугун айтып кайрылышкан.

“Ал киши биздин суранычыбызды орундатып, спорт комплексин курууга көмөк берерүүгө убада берген. Андан бери комплекс кичирейип залга айланып, ошол бойдон курулуштан дайын жок. Президенттин жалпы элдин алдында айткан сөзү аткарылбай калды”, – деди Сапарбек уулу.

Облустук капиталдык курулуш башкармалыгы билдиргендей, Каныш-Кыя айылындагы спорт залдын курулушуна 30 млн. сомго тендер жарыяланып, 20 млн. сомго бир компания утуп алган. Эки жылдан бери аны каржылоо токтоп турат. Облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев бул маселе менен тийиштүү тараптарга кайрыларын билдирди. (RsK)

XS
SM
MD
LG