Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Голуновдун иши: дагы төрт полиция иштен алынды


Иван Голунов
Иван Голунов

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Медуза" басылмасынын иликтөөчү журналисти Иван Голуновдун окуясына байланыштуу Москва шаардык полициясынын төрт кызматкерин иштен алды. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги ИИМдеги ишенимдүү булактарына таянып кабарлады.

Буга чейин президент Владимир Путин Голуновдун ишине байланыштуу полициянын эки генералын - ИИМдин Батыш административдик округу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Андрей Пучков менен ИИМдин Башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Юрий Девяткинди кызматтан бошоткон. Аларды кызматтан алууну Путинге ички иштер министри Владимир Колокольцев сунуш кылган.

Иван Голунов 6-июнда баңгизат соодасына байланышы бар деген шек менен кармалган. Адвокат анын чөнтөгүнө жана батирине баңгизат атайын ташталганын билдирген.

Москвада жана Орусиянын бир катар шаарларында Голуновду колдогон акциялар өткөн, анда ондогон адамдар кармалган. Ички иштер министри Колокольцев журналистке тагылган айып далилденбегенин билдирген. Журналист тергөө абагынан чыгып, ага карата козголгон кылмыш иши токтотулган.

XS
SM
MD
LG