Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Дезир: Борбор Азия өлкөлөрү үчүн сөз эркиндиги маанилүү


Бишкектеги медиа конференция.
Бишкектеги медиа конференция.

Бишкекте «Санариптик трансформация шартында маалымат каражаттарындагы эркиндик жана плюрализм» аттуу Борбор Азия медиа конференциясы өтүп жатат.

Конференцияны Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) уюштурган. Иш-чарага Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнөн жана Монголиядан 100дөн ашык журналист, медиа-эксперттер катышууда. Анын жүрүшүндө санариптик өзгөрүүлөр учурунда маалымат каражаттарынын ролу, ЕККУ кирген аймактагы ачык жана коопсуз Интернет айдыңын түзүү жана сөз эркиндигинин алдындагы чакырыктар жөнүндө талкуу болот.

Форумдун ачылышында ЕККУнун маалымат каражатынын эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир бул конференциянын маанисин белгилеп, анын жүрүшүндө учурдагы жана келечектеги журналистиканын маселелери талкууланарын билдирди.

Дезир азыркы учурдагы санариптик трансформация сөз эркиндиги үчүн жаңы потенциалды жаратканын кошумчалады. ЕККУнун өкүлү Борбор Азия өлкөлөрү үчүн сөз эркиндиги өзгөчө маанилүү экенин жана бул багытта мамлекеттик органдар менен бирге чечүүчү көп маселе барын кошумчалады.

ЕККУ ушундай конференцияны жыл сайын Борбор Азиянын түрдүү мамлекеттеринде уюштуруп келет. Былтыр ал Казакстандын баш калаасында өткөн. (BkA)

 

XS
SM
MD
LG