Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Сот Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскартууга макул болгон жок


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Аламүдун райондук соту саясатчы Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу түрмөдөгү жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) сунушун кабыл алган жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов кабарлады. Сот ишти 16-июлда караган. Анда прокурор соттолуучуга мунапыс мыйзам күчүнө киргенден кийин алты айга чейин колдонулушу керек экенин жүйө келтирген.

- Сот прокурордун айынан үч жолу жылдырылды. 16-июлга саат 9:00гө жылдырылган сотко Камбаров деген прокурор жарандык формада келип, «жолдо келатып эле тийгенин» айттып, соттун убактысы дагы жылды. Түштөн кийинки сотто «алты айдан кийин мунапыс колдонулбайт экен, мөөнөт өтүп кетиптир» дейт. Эгер андай болсо эмнеге мунапыс башка саясатчылардын бардыгына, Кадыров, Чотонов, Текебаев, Асанов, Талгарбеков, башка канча адамдарга колдонуп, Жапаровго колдонулбай калат? Биз ишенбей калдык, кайрыла турган эл гана калды.

Жактоочу облустук сотко арыз берилерин билдирди.

ЖАМКтын маалыматына караганда, Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөт. Аталган кызматтын сунуштамасында «Жапаровго карата мунапыс же ырайым буга чейин колдонулбаганы, анын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болбогону, жаза мөөнөтүн өтөгөн учурда тартипти бузбаганы» белгиленген жана 2014-жылдагы мыйзамдын нормаларына ылайык мунапысты колдонуу мүмкүн экени көрсөтүлгөн. Мунапыс берилсе саясатчынын абактагы мөөнөтү 2023-жылга чейин кыскармак.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл, алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG