Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Украина: «Бук» ракеталык комплексин ташыган деп шек саналган киши кармалды


298 адамдын өмүрүн алган каргашага беш жыл толду.
298 адамдын өмүрүн алган каргашага беш жыл толду.

Украинанын Улуттук коопсуздук кызматы малайзиялык MH17 каттамындагы учакты атып түшүргөн деген «Бук» ракеталык-зениттик комплексти ташыган деп шек жараткан бир жаран кармалганын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын Тергөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Виталий Маяков билдирди. Анын айтымында, кармалган жаран мындай комплексти Орусиядан машинесине чиркештирип алып Донецкке алып келген. Атайын кызмат аны телефонуна тартып алганы видео аркылуу аныктаган.

Улуттук коопсуздук кызматы кылмышка шектүү качан кармалганын жана анын аты-жөнүн маалымдаган жок.

Украина буга чейин кылмышка тиешеси бар деген ондогон адамга байланыштуу иликтөө жүрүп жатканын билдирген.

Өткөн айда Нидерланддар жетекчилик кылган Эл аралык тергөө тобу учактын кыйрашына байланыштуу Орусиянын үч, Украинананы бир жаранына айып койгон. Бул окуя боюнча Гаагада сот эмдиги жылы мартта башталат.

Малайзиянын Амстредам - Куала-Лумпур каттамындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Украинанын Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөн. Анын бортундагы 298 адамдын баары мерт болгон.

XS
SM
MD
LG