Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:41

ЖЭБ иши: токсондой күбөнүн жыйырмасы суралып бүттү


ЖЭБ.
ЖЭБ.

Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу сот ишиндеги 90го чукул күбөнүн 20сы гана суралып бүттү. Бул тууралуу айыпталуучулардын жактоочулары билдирип, кылмыш ишинин көлөмүн эске алганда сот жараяны бир топ убакытка чейин созуларын айтып жатышат. Ушул күндөрү Бишкектин Свердлов райондук сотунда териштирүү уланууда.

Өлкө тарыхында бир иш боюнча эң көп жогорку кызматтагы адамдар камакка алынып, 386 миллион доллар ири насыянын айланасында сөз болуп жаткан иш 60 томго жакындайт. Аны Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова карап жатат.

Бул иш боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакта отурат. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлууда.

Сегиз айыпталуучунун баш-аягы 20га жакын жактоочусу бар. Мамлекеттик айыптоочу тараптан алты прокурор иштеп атат.

Кылмыш иши быйыл 18-февралдан тарта сотто карала баштаган. (BTo\SE)

XS
SM
MD
LG