Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Кой-эчки кырылган жердин топурагы, суусу кайра текшерилет (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кой-козу жапырт кырылып жатканы айтылган Нарындын Солтон-Сары жайлоосундагы суу жана топурак кайра текшерилет. Бул тууралуу Экотехинспекциянын Тоо-кен башкармалыгынын башчысы Жолдош Нурмамбетов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, тийиштүү мекемелердин адистери Нарынга барып келди. Текшерүүнүн жыйынтыгы болжол менен бир аптадан кийин белгилүү болот.

Нурмамбетовдун белгилешинче, 19-июнда жергиликтүү тургундардын кайрылуусу менен Солтон-Сары жайлоосундагы суу жана топурак текшерилгенде таза чыккан.

Социалдык тармактарда “Солтон-Сары жайлоосунда кой-эчки массалык түрдө кырылып жатканы” тартылган видеолор тараган. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция Эмгекчил айыл аймагына караштуу Солтон-Сары жайлоосунан кой-эчкилердин өлүп жатканына байланыштуу клиникалык кароо жүргүзүп, жугуштуу ылаңдардын белгиси аныкталбаганын билдирген.

Өлгөн малдан анализ алынганда этинде нитрат жана мышьяк бар экени аныкталган. Мунун негизинде мал ууланып өлүп жатканы боюнча болжолдуу диагноз коюлган.

15-июлда Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразы болгон 70тей киши Нарын облустук администрациясынын имаратына чогулуп, компания агын сууну булгап, мал жапырт өлүп жатканын айтып чыгышкан.

Алар “Jhong ji Mining” компаниясынын ишин токтотууну талап кылып жатышат. Тургундар жүздөй кой-козу кырылганын, Экотехинспекция болсо 30га жакын гана мал өлгөнүн айтууда.

Экотехинспекция аталган компанияны толугу менен текшерип чыгууга уруксат сурап, Экономика министрлигине кат жөнөткөнү белгилүү болду. Уруксат берилсе, лицензия берүүдөн баштап анын ишмердүүлүгү, Эмгек кодексинин сакталышына чейин текшерилет.

“Jhong ji Mining” компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландоодо.

Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бары айтылып келет. Бул чет элдик компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлык акысы 20-25 миң сомду түзөт. (КЕ)

Солтон-Сарыдагы кырдаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

XS
SM
MD
LG