Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

Бишкек-Сеул аба каттамын ачуу сүйлөшүлдү


Мухаммедкалый Абылгазиев жана Ли Нак Ён.
Мухаммедкалый Абылгазиев жана Ли Нак Ён.

Кыргызстан - Түштүк Корея премьер-министрлери Бишкек – Сеул түз аба каттамын ачуу маселесин сүйлөштү. Бул тууралуу чакан жана кеңири форматтагы жолугушуудан соң өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттерге билдирди.

“Эки тараптуу кызматташуубузда транспорт тармагы да көңүл сыртында калган жок. Аба каттамы жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколго кол койдук. Туристтик байланыштарды жандандыруу, маданий-гуманитардык тажрыйба алмашуу максатында Бишкек- Сеул түз аба каттамын ачуу маселесин жакшылап карап чыктык”.

Абылгазиев жылдан жылга Кореяга барууну каалаган кыргызстандыктардын, ошол эле маалда Түштүк Кореядан Кыргызстанга келген туристтердин да саны көбөйгөнүн кошумчалады. 2015-жылдан 2018-жылга чейин Түштүк Кореядан келгендердин саны эки эсе өсүп, жети миңден 14 миңге көбөйгөн.

Мындан сырткары Кыргызстандын өкмөт башчысы Бишкекке Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын корпусун куруу боюнча макулдашууга кол коюларын билдирди.

"Бишкек шаарында 150 орундуу республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын корпусун куруу боюнча макулдашууга кол коймой болдук. Бул экономикалык өнүктүрүү жаатында Кореялык кызматташтык фонду тарабынан ишке ашырылат", - деди Абылгазиев.

Эки тараптуу жолугушуу бүгүн, 18-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өттү. Анын соңунда айыл-чарба, дипломатиялык кызматташуу, кайтарымсыз жардам көрсөтүү боюнча документтерге кол коюлду. (КЕ/GT)

XS
SM
MD
LG