Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:25

Прокуратура соттон Жусубалиевди 20 жылга кесүүнү сурады


Азимкан Жусубалиев.
Азимкан Жусубалиев.

Башкы прокуратура транспорт жана жол министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевди 20 жылга абакка кесүүнү соттон суранды.

Бул маалыматты “Азаттыкка” ишти териштирип жаткан Бишкектин Биринчи май райондук соту ырастады. Ишти териштирүү бүгүн, 18-июлда, улантылып, тараптар жарыш сөзгө чыкты. Адвокаттар кылмыш иши далилденбегенин айтып, актоону суранышты.

Аткаминердин ири пара алганы боюнча тергөө марттын аягында аяктап, прокуратурага өткөрүлүп берилген. Сот бул иш боюнча үч кишини, Азимкан Жусубалиевди, Бехруз Гулрузовду (Италиянын "Todini" компаниясынын Алматы шаарындагы филалынын коммерциялык директору) жана Болотбек Токтобаевди (ортомчу) айыптоодо.

Прокурор пара алууга ортомчулук кылганы айтылган Токтобаевди мүлкүн мамлекетке конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыратууну суранды. Ал эми кылмыш иштин бетин ачууга көмөк көрсөткөнү үчүн Гулрузовдун беренесин өзгөртүп, айып салууну өтүнгөн. Кийинки соттук отурум 30-июлда уланат.

2018-жылдын 5-декабрында министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалганы кабарланган. Атайын кызматтын материалдарына караганда, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган.

Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. УКМКнын маалыматы боюнча, андан мурда министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган, ал эми ортомчулук милдетти анын туугандары аткарган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG