Анкара АКШнын Ф-35 согуш учактарын Түркияга сатпоо чечимин «адилетсиз» деп атады. «Бул бир тараптуу кадам өнөктөштүктүн духуна каршы жана эч кандай жүйөсү жок», - деп билдирген Түркиянын Тышкы иштер министрлиги 17-июлда.
Мекеме орусиялык С-400 системасы ал учактарга коркунуч жаратат деген ырастоолорду кайрадан четке какты. Ошол эле күнү Кошмо Штаттар Ф-35 заманбап истребителдерин Түркияга экспорттоого тыюу салынганы тууралуу Анкараны расмий кабардар кылган.
Бул чечим Түркиянын Орусиядан зениттик-ракеталык С-400 комплексти сатып алуусуна жооп катары кабыл алынган.
Пентагон С-400 системасынын радарлары Ф-35 учактарынын талылуу жерлерин издеп-табууга кудуреттүү болушу мүмкүн деп чочулайт. Вашингтон НАТОдогу өнөктөшүнө эскертүү жасап келгени менен Түркия 12-июлдан бери Орусиянын комплексин ала баштады.
2017-жылы Кошмо Штаттарда кабыл алынган мыйзам Орусиядан курал-жарак сатып алган өлкөлөргө каршы санкцияны колдонууга жол ачат. Бирок азырынча бул тууралуу эч кандай сөз айтыла элек.