Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:56

Исаков: Солтон-Сарыда өлгөн козулардын баары бир короодон чыккан


Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы Нарындагы Солтон-Сары жайлоосунда өлгөн кой-козулар боюнча маалымат берди.

Мекеменин жетекчисинин орун басары Кумар Исаковдун маалымат жыйында билдиришинче, өлгөн малдан алынган анализдин алгачкы жыйынтыктары чыкты. Нарындагы лабораториядан текшерген учурда козунун этинде нитрат жана мышьяк бар экени аныкталган.

"Андан кийин өлгөн эки койдун этин республикалык ветеринардык лабораторияга алып келип текшердик. Ал жерде уулануунун белгилери жок. Солтон-Сары жайлоосун эки айыл өкмөттүн, жалпысынан 27 малчы жайлайт. 11 миң 382 баш кой-эчки, 471 баш бодо мал, 459 баш жылкы бар экени аныкталган. Бардык короолордо адистер көзөмөл жүргүздү. Эч кандай жугуштуу ылаң бар экени аныкталган жок. Баары бир эле короодон чыгып жатканы, баары эркек козулар экени күмөн санатып жатат. Комиссияда 11 адам бар, ооруду деген жылкы, торпокторду текшердик. Алардан оорунун белгилери аныкталган жок".

Социалдык тармактарда “Солтон-Сары жайлоосунда кой-эчки массалык түрдө кырылып жатканы” тартылган видеолор тараган. 15-июлда Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразы болгон 70тей киши Нарын облустук администрациясынын имаратына чогулуп, компания агын сууну булгап, мал жапырт өлүп жатканын айтып чыгышкан.

Алар “Jhong ji Mining” компаниясынын ишин токтотууну талап кылып жатышат. Тургундар жүздөй кой-козу кырылганын айтышууда. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы 22 козу өлгөнүн маалымат жыйында билдирди. Бул көрүнүшкө жергиликтүү тургундар менен адистердин катышуусунда дагы бир апта бою байкоо салынат.

Мындан сырткары Экотехинспекция бул жайдагы суу жана топурак кайрадан текшериле турганын билдирди.

“Jhong ji Mining” компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландоодо. (КЕ)

XS
SM
MD
LG