АКШ президенти Дональд Трамп 17-июлда Ак үйдө өз мамлекеттеринде диний ишеними үчүн куугунтукка кабылган ондогон адам менен жолукту.
Иран, Ооганстан, Пакистан, Түркия, Кытай, Ирак, Мьянма жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү өздөрүнүн жана жакындарынын диний ынанымы үчүн кордук көргөн оор тагдырлары тууралуу айтып беришти.
Кездешүү учурунда Кытай, Ирак, Мьянмадагы диний азчылыктардын укугу жана абалы көбүрөөк талкууланды.
АКШ 2017-жылы жүз миңдеген рохинжа мусулмандарын кошуна Бангладешке жер которууга аргасыз кылган кыргынга армия жетекчилери жоопкер деп эсептейт.
АКШ президенти менен жолугушууга Мянмадан келген рохинжа мусулмандары да катышты. Ал эми Кытайдан келген уйгур кыз атасы Шинжаң-Уйгур автоном облусундагы “тарбиялоочу лагерде” жазасын өтөп жатканын айтып берди.
Кытай өкмөтү ал жайларды «агартуучу, тарбиялоочу борборлор» деп атап келет.
Жолугушууга “Ислам мамлекети” террордук тобунун барымтасында үч ай кармалып, уруп-сабалып, зордукталып, колдон колго сатылган езид азчылыгынын өкүлү Надия Мурад да катышты.