Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:58

Шамил Атахановго сурак учурунда "Тез жардам" чакыртылды


Шамил Атаханов.
Шамил Атаханов.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу ИИМге суракка чакыртылган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов өзүн жаман сезип, ага "Тез жардам" чакырылды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, Атаханов бүгүн 13:30га суракка чакырылган. Мунун алдында ал өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилди.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Атаханов алгач Бишкектеги бейтапканалардын бирине барып, андан ары менчик ооруканага которулуп кеткенин “Азаттыкка” билдирди.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу үй камагына алынган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун үй камагындагы мөөнөтү 21-июнда узартылган.

Маалыматка ылайык, Шамил Атаханов кылмыш ишинин алкагында 7-июнда Бишкектеги №1 тергөө абагынан ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген. Тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргенден кийин ал ошол жерден үй камагына чыгарылган.

“Мыйзамдагы ууру” атыккан Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган учурда коопсуздук боюнча вице-премьер-министр болуп иштеп турган Шамил Атаханов 21-майда кармалып, 26-июнга чейин тергөө абагына камалган.

Бул ишке байланыштуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянова баштаган бир катар мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, аткаминерлер, дарыгерлер кармалды. Алардын айрымдары үй камагына чыгарылды.

7-июнда Жогорку Кеңештин депутаты, Батукаев бошотулганда Жаза аткаруу кызматын жетектеп турган Зарылбек Рысалиев Ички иштер министрлигинде сурак берип жаткан кезде өзүн жаман сезип, ооруканага түшкөнү кабарланган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG