Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Ли Нак Ён: Кыргызстанга 7 млн. долларлык жардам берүүгө даярбыз


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Кыргызстанга расмий визит менен келген Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён менен жолугушту.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Мамлекет башчы өлкөдөгү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп жатканы үчүн Түштүк Кореяга ыраазычылык билдирип, Корея эл аралык кызматташтык боюнча агенттиктин (КОИКА) алгылыктуу ишмердигин белгиледи. Өткөн жылдары Кыргызстанга берилген гранттык жардамдын көлөмү 42 млн. долларды түзгөн.

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён да өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн кийин Кыргызстанга расмий визит менен келген Түштүк Кореянын биринчи өкмөт башчысы экенин белгиледи.

“Бул визит кечиккен визит болуп калды. Бирок биз эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн тездетүү үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз", - деп белгиледи Ли Нак Ён.

Ал Кыргызстанда жакынкы мезгилде билим берүү, административдик башкаруу жана айыл чарба технологияларын өнүктүрүү чөйрөлөрүндө суммасы 7 млн. долларлык жардам берүү пландары жөнүндө айтып берди.

Ли Нак Ён расмий сапар менен Кыргызстанга 17-июлда келген. Ал бүгүн премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев менен чакан жана кеңири форматтагы жолугушууларга, кыргыз-корей бизнес форумуна катышып, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG