Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова түрмөдөн "Тез жардам" машинеси менен чыгарылып кетиши мүмкүн экенин анын адвокаты Грегуар Манже «Твиттердеги» баракчасына жазды.
Ал Каримова менен жолугушуу үчүн абакта алты саат күткөнүн жазган. Бирок Ташкент облусунун Занги-Ата районундагы №21 абакта жазасын өтөп жаткан Каримова менен адвокатка жолугууга уруксат беришкен эмес.
Манже короодо күтүп жаткан маалда "Тез жардам" келип-кеткенин жазды. Адвокаттын айтымында, ага ишенимдүү булактардын бири Каримова дал ошол "Тез жардамдын" автоунаасында болгонун айткан.
Буга чейин Гүлнаранын кызы Иман Каримова "Инстаграмдагы" iman.k17 барагына апасы менен жолукканын, анын абалы начарлап жатканын жазган.
46 жаштагы Гүлнара Каримова 2017-жылы атасы көз жумгандан кийин Өзбекстанда «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы мартта үй камагынын тартибин бузган деген айып менен Ташкент облусундагы абакка которулган.