Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:04

Жапонияда аниме-студияда чыккан өрттө бир канча адам каза болду (видео)

Аниме-студия өрттөн кийин. 18-июль, 2019-жыл.
Аниме-студия өрттөн кийин. 18-июль, 2019-жыл.

Жапониянын Киото шаарындагы "Kyoto Animation" студиясында чыккан өрттө 33 киши өлгөнүн ТАСС агенттиги жазды. Шаардык өрткө каршы кызматы ооруканага бери дегенде 36 адам күйүк менен түшкөнүн маалымдады.

Окуя 18-июлда болду. Баштапкы маалыматтарга караганда, 41 жаштагы жаран имараттын ичине бензин куюп, өрттөп жиберген. Бул тууралуу ал колго түшкөндөн соң айтып берген. Шектүү да ооруканага жаткырылды.

Полиция өрт болгон жерден бычактардын топтомун тапты. Бирок ал шектүүгө таандыкпы же жокпу, тактала элек.

Өрттөлгөн "Kyoto Animation" студиясы 1981-жылы ачылган. Тасма өндүрүшү менен алектенет. 

XS
SM
MD
LG