Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Аптапта тамак-аштан уулангандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жайкы аптапка байланыштуу ооруканага тамак-аштан ууланып кайрылгандардын саны өстү.

Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын директору Гүлжигит Алиев “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, бир суткада ашказан жана ичеги оорулары менен 300гө жакын киши кайрылып жатат. Алардын жүздөйү ооруканага жаткырылууда.

"Кайрылгандардын 98и курч мүнөздөгү ичеги-карын оорусу менен түшкөн. Бардыгы биригип 136 адам ушундай диагноз менен жатат. Дээрлик беш бөлүмдү ошолорго ылайыктап ачтык. Ооруп келгендердин көбү балдар".

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери курч мүнөздөгү ичеги-карын оорусу менен кайрылгандардын саны 1800гө жакындаган. Алардын 84% 14 жашка чейинки балдар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG