Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:39

Ошто ымыркайын сатууга шек саналган ата үй камагына чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун тургуну төрөлгөнүнө бир ай болгон ымыркайын сатууга аракет кылган. Бөбөк 30 миң сомго бааланган.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов билдирди. Анын айтымында, кармалган ата кызын сатуу үчүн кардар издеп жүргөнү тууралуу маалымат 15-июлда келип түшкөн.

Соттун чечими менен ал эки ай үй камагына чыгарылды.

Маалыматка караганда, ымыркай 25-июнда төрөлгөн. Ал жубайы менен жарандык никеде жашаган. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, “адам сатуу” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. (КЕ/MdN)

XS
SM
MD
LG