Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Ляйен ЕБнын Москвага карата санкциялык саясатын колдоду


Урсула фон дер Ляйен
Урсула фон дер Ляйен

Ушул жумада Европа Комисиясынын башчылыгына шайланган Урсула фон дер Ляйен Евробиримдиктин Орусияга байланыштуу санкциялык саясатын колдой турганын билдирди.

«Күч позициясынан алганда биз санкцияларды колдоп, ошол эле кезде диалогду сунушташыбыз зарыл» деди Ляйен. Ал «Кремль эч бир алсызды аябайт» жана «Биз Москванын кас саясатына күбө болуп келе жатабыз» деп да кошумчалаган.

Германиянын коргоо министри кызматын аркалап келген Урсула фон дер Ляйен Европа Биримдигинин жогорку аткаруу органы саналган Европа комиссиясынын башчылыгына ушул жумада шайланган. Ал кызматына октябрда киришет.

XS
SM
MD
LG