Бишкек мэри Азиз Суракматов көп орундуу, газ менен жүрө турган автобустарды алып келүү боюнча Түркиянын “Анадолу групп” холдингинин башчысы Тунжай Өзилхан менен сүйлөшүү жүргүздү.
Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Тараптар Стамбул шаарында меморандумга кол койду.
“Байлыгы 1,6 млрд. долларга бааланган түркиялык ири ишкер Тунжай Өзилхан Бишкек мэриясына заманбап, көп орундуу автобустарды алууга 15 жылдык мөөнөт менен жылдык үстөгү 1,7% болгон жеңилдетилген насыя берүүгө ниеттенүүдө”, - деп жазды мэриянын басма сөз кызматы.
Мэриянын маалыматында, сөз "Анадолу Исузу" компаниясы чыгарган автобустар тууралуу болуп жатат. Бул Европадагы автобус чыгарган алдыңкы компаниялардын бирине кирет. Ал 26 өлкөгө автоунаа экспорттойт.
Быйыл апрелде Кытайдан алынып келген жаңы 60 автобус пайдаланууга берилген. Бишкек шаарын толук камсыз кылыш үчүн 800дөй автобус керек. (КЕ)