Кыргызстандык спортчулар Чехияда өтүп жаткан "SKIF world championship - 2019" аталышындагы каратэ боюнча мелдешке катышууда.
Бул тууралуу "Азаттыкка" катышуучулардын бири Мирлан Утуров билдирди. Маалыматка караганда быйыл 13-жолу өтүп жаткан турнирге 52 мамлекеттен 2000ге жакын спортчу катышууда.
Үч жылда бир өтүп келген турнирге Кыргызстандан 11 жаштан 65 жашка чейинки курактагы 25 спортчу барган. Бүгүн башталган мелдеш 21-июлда жыйынтыкталат.