21-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36;
Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 21…23°, күндүзгү жогорку температурасы 34…36 градус болушу күтүлөт.