Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Аракка ууланганы айтылган алты жаштагы бала чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Жайыл районунда аракка ууланганы айтылып жаткан алты жаштагы бала чарчап калды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жайыл районунун аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Болот Майканбаев кабарлады.

«Бала эмнеден улам чарчап калганын азыр айта албайбыз. Себеби соттук-медициналык экспертизадан кийин акыркы жыйынтык чыгып, так диагноз ошондо коюлат. Алдын ала жыйынтык боюнча бала ичимдикке ууланган. Анткени алты жаштагы балага алкоголь катуу таасир берет. Биз күч кызматкерлерине бардык маалыматтарды бердик», - деди Майканбаев.

Мунун алдында Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы чоң адамдардын алты жаштагы балага кыйнап арак ичирген окуя сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирген. Маалыматка караганда ал 11-июль күнү болгон.

Чарчап калган баланын апасы менен чогуу ичимдик ичкендер алты жаштагы балага эки стакан арак ичиришкен. Бала 12-июлдан бери Жайыл райондук аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндө комада жаткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG