Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Сооронбай Жээнбеков Алайдагы алыскы айылдарга барды


Президент Сооронбай Жээнбеков Алай районунун айылдарында.
Президент Сооронбай Жээнбеков Алай районунун айылдарында.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июлда Ош облусунун Алай районундагы алыскы Сары-Таш жана Күн-Элек айылдарына барды.

Ал жерде мектептердин абалы менен таанышып, жергиликтүү элге жолукту. Аталган айылдар деңиз деңгээлинен 3250 метр бийиктикте жайгашкан.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тургундар Сары-Таш айылындагы №39 орто мектеп авариялык абалда экенин, ал эми Күн-Элек айылында мектептин жаңы имаратынын курулушу кечеңдеп жатканын айтышты.

Тургундар медициналык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин жана алгачкы жардам көрсөтүүчү дарыгерлердин жоктугуна даттанышып, айылдыктарды социалдык жактан коргоо маселелери көтөрүлдү.

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүүлөр менен маектешүү учурунда 2020-жылдын жазынан тартып жаңы мектептин курулушу башталарын белгиледи.

Күн-Элек айылындагы мектептин курулушун 2019-жылдын октябрында аяктоо пландаштырылууда. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматы боюнча, №39 мектеп 1986-жылы курулган, анда 250гө жакын окуучу окуйт. Абдиев кошумчалагандай, азыркы учурда Күн-Элек айылындагы мектептин курулушунун көпчүлүгү аяктады, ичи-тышын жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG