Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:59

Бердымухамедов көз жумганы тууралуу маалымат төгүндөлдү


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов.

Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадуры Мередов түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун көз жумганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу кыргызстандык маалымат каражаттарынын бири жазды. Ошондой эле түркмөнстандык "Алтын доор" ("Золотой век") маалымат каражаты 21-июлда Бердымухамедовдун саламаттык сактоо кызматкерлерин куттуктап жазган кайрылуусун жарыялады.

Буга чейин бир катар орусиялык маалымат каражаттары Түркмөнстандын президенти көз жумганын жазып чыгышкан.

Жергиликтүү басылмалар Бердымухамедов эки жумадан бери коомчулукка чыга электигин кабарлап жатышат.

Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарат. Ал эл аралык коомчулукту ар кандай жүрүм-туруму менен таң калтырып жүрөт. Мисалы, 2019-жылдын апрель айында ал «Ровач» деген сүйүктүү аргымагына арнап ыр жазып, аны небереси менен чогуу аткарган.

Андан мурун велосипед тээп баратып, тапанчадан ок атып жаткан видео жарыяланган.

2013-жылы ат чабышка чыгып, кунандан куласа да баш байге алганы элдин эсинде калган.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG