Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Аракка ууланган баланын өлүмүнө шектүү камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт

Чүйдүн Жайыл районунда аракка ууланып каза болгон алты жаштагы баланын өлүмү боюнча бир адам камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча бир нече адам суракка алынган. Анын жыйынтыгында Жайыл районунун 31 жаштагы тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган адам чарчап калган наристенин энеси менен жашаган 60 жаштагы адамдын уулу болот.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланып жатат.

20-июлда Жайыл районунда алты жаштагы бала аракка ууланып чарчап калган. Милициянын маалыматы боюнча, наристеге апасы менен чогуу ичимдик ичкендер эки стакан арак ичиришкен.

Бала Жайыл райондук аймактык ооруканасында бир нече күн бою жандандыруу бөлүмүндө комада жатып, эсине келбей чарчап калды. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG