Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

Украина: Зеленскийдин партиясы көпчүлүккө ээ болушу мүмкүн


Украин президенти Владимир Зеленский, Киев, 21-июль 2019-жыл.
Украин президенти Владимир Зеленский, Киев, 21-июль 2019-жыл.

Украинада жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодогу добуштардын 44 пайызга жакыны саналып бүттү. Алдын ала жыйынтык боюнча президент Владимир Зеленскийдин "Эл кызматчысы" партиясы парламенттик көпчүлүккө ээ болушу мүмкүн экенин Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, президенттин партиясы Украинадагы 199 шайлоо округунун 125инде алдыга чыкты. Ошондой эле "Эл кызматчысы" партиялык тизме боюнча добуш берүүдө да алдыга озуп, добуштардын 42 пайызына ээ болууда.

Эгер шайлоонун алдын ала жыйынтыгы ырасталса, Украинанын эгемендик тарыхында саясий партия парламенттик көпчүлүктү камсыз кылган биринчи учур болуп калмакчы.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, Зеленскийдин партиясынын негизги атаандашы, орусиячыл "Оппозициялык платформа" партиясы экинчи орунга чыкты.

Экс-президенти Петро Порошенконун "Европа тилектештиги" партиясы добуштардын 9 пайызын, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы 8,1 пайызын, рок-ырчы Святослав Вакарчуктун “Добуш” партиясы 6,38 пайызын алды.

Украинанын шайлоо мыйзамдарына ылайык, Жогорку Радага депутаттар партиялык тизме аркылуу жана бир мандаттуу округдардан шайланышат. 21-июлдагы шайлоого бардык партияларды кошкондо дээрлик алты миң талапкер катышты.

XS
SM
MD
LG