Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш ишин анын жакындары кайра тергөөгө жөнөтүүнү суранышууда. Бул тууралуу маркумдун тууганы Чынара Турдалиева билдирди. Анын айтымында, сот ишти кайра тергелип, андагы саясий өңүттөрдү аныктоосу зарыл.
Мындай өтүнүчкө Ички иштер министрлигинин (ИИМ) буга чейинки билдирүүсү себеп болгон. Анда министрлик Саляновдун өлүмүндө саясий өңүт болушу мүмкүн деген божомол каралып жатканын билдирген болчу.
Чынара Турдалиева Улан Саляновдун өлүмү боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралчу иште кайра тергөөгө жөнөтүү боюнча өтүнүч расмий түрдө келтирилерин кошумчалады.
42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен.
ИИМ бул кылмыш үчүн жалпысынан үч киши - Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шек саналып жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов гана 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Милиция белгилегендей, быйыл майдын соңунда Москвадан кармалып, экстрадицияланганы айтылган Асанэмир Абыкулов негизги шектүү катары өтүп жатат. Үчүнчү шектүү, орус жараны Заур Насруллаев да Екатеринбург шаарынан 2018-жылы августта кармалган.
Учурда коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган Аида Салянова инисинин өлүмүн «саясий буюртма» десе, милиция кылмышты карактоо катары мүнөздөп келген.(BkA)