Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

МАГАТЭнин башчысы Юкия Амано көз жумду


МАГАТЭнин башчысы Юкия Амано Венадагы басма сөз жыйынында, 4-март, 2019-жыл.
МАГАТЭнин башчысы Юкия Амано Венадагы басма сөз жыйынында, 4-март, 2019-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Юкия Амано 22-июлда 72 жашында каза болду. Бул тууралуу агенттиктин катчылыгы билдирди.

Амано кийинки жылдын март айында кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетээрин маалымдап, башкаруучулар кеңешине кат жазууга камданып жаткан. Анын кызматтагы үчүнчү мөөнөтү 2021-жылдын этегинде соңуна чыкмак.

Юкия Амано БУУнун бул түзүмүн 2009-жылдан бери жетектеп, Ирандын өзөктүк программасынан улам чыккан талаш-тартыш күчөп турган кезде оңой эмес дипломатиялык сүйлөшүүлөргө катышып келген.

Былтыр агенттик Аманого операция жасалганын маалымдаган. Анын ордун баса турган киши качан тандалаары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG