Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Ташкент Самарада 69 өзбек мигранты ууланганын билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Самара облусунда баш-аягы 69 өзбекстандык мигрант тамакка уулануунун белгиси менен ооруканага жаткырылганын билдирди. 21-июлда таратылган маалыматка ылайык, бейтапканадагы үч өзбек жараны өтө оор абалда. Уулангандардын арасында бир өспүрүм бар.

Министрлик жапырт уулануу боюнча иликтөө башталганын, Өзбекстандын дипломаттары ооруканада жаткан мигранттар менен 19-июлда кездешкенин маалымдады.

Буга чейин Орусиянын Тергөө комитети 16-17-июль күндөрү Самара облусунун Сызран районунда Өзбекстандын ондогон жарандары уулануунун белгиси менен ооруканага жеткирилгенин кабарлаган.

Комитеттин маалыматына ылайык, өзбек мигранттары Кошелевка кыштагындагы фермада иштеп жатышкан жана өз тамагын өздөрү бышырып келишкен.

XS
SM
MD
LG