Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Индия Айга экинчи миссиясын жөнөттү


«Чандраян-2» кемеси космоско көтөрүлгөн учур, 22-июль 2019-жыл.
«Чандраян-2» кемеси космоско көтөрүлгөн учур, 22-июль 2019-жыл.

«Чандраян-2» аттуу планета аралык кеме дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:43тө Индиянын Шрихарикота станциясынан ийгиликтүү учуп чыкты.

145 миллион доллар сарпталган бул миссиянын алкагында биринчи жолу космостук кеме Айдын түштүк уюлуна конгону жатат. «Чандраян-2» 23 күн Жердин орбитасында тургандан кийин Айга конууга багытталган манёврларын баштайт.

Индия Айды изилдөөнүн көздөгөн «Чандраян-1» аттуу алгачкы миссиясын 2008-жылы учурган. Анда космостук кеме Айдын бетине конгон эмес. Бирок Жердин жандоочусунда суунун белгилерин издөөгө аракет кылган.

XS
SM
MD
LG