Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Британ өкмөтү Иран кармаган танкердин тагдырын талкуулады


Британиянын премьер-министри Тереза Мэй.
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй.

Тереза Мэй жетектеген британ өкмөтү Ирандын британиялык мунай ташуучу кемени кармаганына кандай жооп берүү маселесин талкуулоо үчүн чукул жыйын өткөрдү.

22-июлдагы бул жыйынында Батыш менен Ирандын мамилеси чыңалып турган учурда дүйнөлүк мунай маршруттарынын коопсуздугун камсыздоо маселесине да көңүл бурулду.

Британ тышкы иштер министри Жереми Хант "Stena Impero" кемесинин жана экипаждын 23 мүчөсүнүн кармалышына байланыштуу 26-июлда парламентке маалымат берери белгилүү болду.

Бир күн мурда Иран мунай ташуучу кеменин экипажынын бардык мүчөсүнүн саламаттыгы жайында экенин маалымдаган.

Тегеран 19-июлда Британиянын желеги менен жүргөн бул кеме ирандык балыкчылардын кайыгы менен чатакка аралашканы үчүн кармалганын билдирген. Лондон Ирандын мындай түшүндүрмөсүн четке кагып, Перс булуңунда жүргөн танкеринин кармалышын "кастык аракет" деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG