Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Иран менен Британиянын кеме "кармашы"


Ирандын Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун катери Британия желеги менен бараткан "Stena Impero" танкерине жакындап келген учур.  
Ирандын Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун катери Британия желеги менен бараткан "Stena Impero" танкерине жакындап келген учур.  

Лондон Иранды Ормуз кысыгында британ желеги менен бараткан кемени колго түшүргөнү үчүн айыптап, аны жана ичиндеги 23 экипаж мүчөсүн тез арада бошотууну талап кылууда.

Негизги товар ташыган деңиз жолдордун бири саналган Ормуз кысыгындагы окуя Тегеран менен Батыштын мамилесиндеги чыңалууну күчөттү. Буга чейин Британия Гибралтарда бара жаткан Иран кемесин кармап алганы белгилүү. Тегерандын британ кемесин камакка алганы ошого жооп катары бааланууда.

19-июлда Ирандын аскерлери Ормуз кысыгынан Британиянын эки кемесин кармаганы кабарланган. Алардын бирөө Либериянын желеги менен бараткан. Ал кийинчерээк коё берилген. Ал эми британ желеги менен бараткан, ичинде 23 киши бар кеме Ирандын Бендер-Аббас деңиз портуна токтотулган.

Ирандын Ислам Революциясынын сакчылар корпусу 20-июлда тараткан видеодо тез жүрүүчү катерлер мунай танкерин тегеректеп, андан тышкары тик учактан беткапчан жоокерлер түшүрүлгөнүн көрүүгө болот. Ошондон кийин алар Ормуз кысыгында бараткан мунай танкерин айдатып кетишкен. Хормозган провинциясынын өкүлү Алламурад Афифипур:

"Stena Impero" мунай танкери.
"Stena Impero" мунай танкери.

"Бизге транзиттик жолдо британ желеги менен бара жаткан танкер ирандык балыкчылардын кайыгы менен кырсыкка кабылганы тууралуу билдиришкен. Ушундан кийин окуянын кесепетин баалоо боюнча адамдар жөнөтүлгөн. Бирок британ кемеси баш ийбей, багытын өзгөртө баштаган. Бул эл аралык эрежелерге каршы келет жана башка да ушундай окуялардын кайталанышына себеп болот. Ошондуктан биз аскерлерге жана сотторго кайрылдык".

Алламурад Афифипур маалымдагандай, Ормуз кысыгында кол түшкөн кеменин 23 экипажы аман-эсен жана абалы жакшы.

Лондондун талабы

Тегерандын кеме ирандык балыкчылардын кайыгы менен чатакка аралашканы үчүн кармалган деген билдирүүсүнө Лондон макул эмес. Перс булуңунда жүргөн мунай танкеринин кармалышын Британиянын коргоо министри Пенни Мордонт "кастык аракет" деп мүнөздөдү.

Ал эми тышкы иштер министри Жереми Хант Иран кесиптеши Мухаммад Жавад Зариф менен телефон сүйлөшүүсүндө Тегерандын аракеттеринен “көңүлү калып” турганын билдирди. Мындан тышкары Хант “Тегеран коркунучтуу жолдо” баратат деп, “ойлонулган жана чечкиндүү аракеттер” боло турганын эскертти. Ал кемени колго түшүрүү эл аралык мыйзамдарга каршы келет деп белгиледи.

Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант.
Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант.

"Stena Impero" Омандын сууларында кармалды жана бул эл аралык укуктук эрежелерге ачык карама каршы келет. Андан тышкары аны Иранга сүзүп барууга мажбур кылышкан. Бул такыр эле туура келбеген иш. Бул британ кемелеринин жана Ормуз кысыгындагы эл аралык жүк ташуунун коопсуздугу тууралуу өтө олуттуу суроолорду жаратууда, - деди Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант.

Буга байланыштуу Британия Иранга каршы санкциялардын пакетин даярдап жатат. Расмий Лондон андан тышкары Тегеранга каршы чектөөлөрдү киргизүү өтүнүчү менен Евробиримдикке жана БУУга кайрылууда.

Британия мүчө болгон НАТО уюму да Ирандын Ормуз кысыгында кеменин кармалышын сындап, Тегеран бийлигин экипаждарды коё берүүгө чакырды.

Лондондун Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине жөнөткөн катында Иран колго түшүргөн кезде аталган мунай танкери Омандын аймактык сууларында мыйзамга ылайык бара жатканы айтылат.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф британ кесиптешине эл аралык мыйзамдарды бузган кеме юридикалык териштирүүдөн кийин гана бошотула турганын маалымдаган.

Перси булуңундагы чатактар

Негизги соода деңиз жолдордун бири саналган Ормуз кысыгында жана ага жакын сууларда болгон окуялар Тегеран менен Батыштын мамилесиндеги чыңалууну жаңы деңгээлге чыгарды. Бул өз кезегинде ортодо куралдуу кагылыш чыгып кетпейби, ошондой эле мунайдын баасын кымбаттатып, дүйнө боюнча анын коопсуздугун камсыздоонун баасын көтөрүп жибербейби деген чочулоолорду жаратууда.

4-июлда Британиянын Аскер-деңиз күчтөрү Гибралтар кысыгында ирандык «Грэйс-1» мунай танкерин санкцияларга карабастан «Сирияга чийки мунай алып бараткан» деген шек менен кармашкан.

«Грэйс-1» мунай танкери. Гибралтар, 6-июль, 2019-жыл.
«Грэйс-1» мунай танкери. Гибралтар, 6-июль, 2019-жыл.

Иран дооматтарды четке кагып, өз кемесин тезинен өткөрүп берүүнү талап кылган. Ал эми жогорку лидер Аятолла Хаменеи Ирандан «жооп боло турганын» убада кылып, Британияны «каракчылыкка» айыптаган.

Ирандын Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун өкүлү британ кемесин колго түшүрүүнү ушуга “жооп” деп мүнөздөдү.

Гибралтардын Жогорку Соту өткөн жума күнү Иран кемесинин камак мөөнөтүн дагы 30 күнгө узарткан.

12-майда болсо Оман булуңунда Бириккен Араб Эмирлигине жана Сауд Арабияга төрт кеме «диверсиялык чабуулга» кабылганы кабарланган. Бул чабуул үчүн АКШ менен Сауд Арабия Иранды күнөөлөгөн. Тегеран анын дарегине айтылган айыптоолорду четке каккан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG