Линктер

жекшемби, 18-август, 2019 Бишкек убактысы 12:39

АКШ Иран министринин баскан-турганын чектеди


Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф.

АКШ Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу жыйынына катышуу үчүн барган Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифтин иш сапарына чектөө киргизди. Улуттар Уюму анын жүргөн-турганына чектөө коюлганына тынчсыздануусун билдирди.

Зарифтин Улуттар Уюмундагы сапары АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөп турган учурга туш келди.

14-июлда Нью-Йоркко келген Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф 17-июлга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана Социалдык кеңештеринин жыйынына катышмакчы.

Бирок Вашингтон ага Улуттар Уюмунун башкы кеңсесинде, Ирандын уюмдагы өкүлчүлүгүндө жана элчинин резиденциясында, Нью-Йорктогу Жон Кеннеди аба бекетинде гана болууга уруксат берди.

Бириккен Улуттар Уюму бул чектөөгө камтамачылык билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңсеси. Нью-Йорк.
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңсеси. Нью-Йорк.

“Катчылыктын кабыл алуучу өлкөнүн визитке чектөө киргизгени тууралуу маалыматы бар. Катчылык АКШнын жана Ирандын өкүлчүлүктөрү менен тыгыз байланышта болот жана Вашингтонго өздөрүнүн камтамачылыгын билдирген”, - деди БУУнун өкүлү Фархан Хак.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Мухаммад Жавад Зарифти АКШнын эркиндигин “кооптуу пропаганданы жайылтуу үчүн” колдонуп жатат жана “сөз эркиндигин муунткан режимдин башкы жарчысы” деп сынга алды.

АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук болсо, Вашингтон Зариф менен жолугушуу өткөрбөй турганын билдирди.

Вашингтон негизи эле өзүнө кас санаган өлкөлөрдүн дипломаттарынын баскан-турганын чектеп, Нью-Йорктогу радиусу 40 чакырымдык Коламбус шакекчесинен башка жактарга барышына тыюу салып келет.

Ал арада Ирандын Атом энергетикасы боюнча агенттигинин басма сөз катчысы Бехруз Камалванди эгер АКШ жана Европа мамлекеттери келишимдин шарттарын сактоо боюнча аракет көрбөсө, Тегеран уран байытуунун көлөмүн төрт жыл мурдагы чекке жеткире турганын эскертти.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалууну басаңдатуунун жана Иранды АКШ былтыр чыгып кеткен өзөктүк келишимде калууга көндүрүүнүн жолун издеп жатат. Алар 15-июлда Брюсселде чогулуп ушул маселени талкуулады.

Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

«Мен Иран менен түзүлгөн келишим арабөк абалда турат, бирок ал өлүп да калган жок деп айтаар элем. Азыркы баскычта бурмалоого жол берип, анын мынча күнү, айы же жылы калды деп айтуу орунсуз. Бирок мен айтып коюшум керек, биз абдан оор баскычка келдик. Мындан төрт жыл мурда, 14-июлда келишимге кол коюлган мезгилден бери болгон эң татаал учур. Бирок келишим бар. Бул Ирандын өзөктүк маселесин чечүүгө аракеттенүү үчүн биздин пайдалана турган куралыбыз”, - деди Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини жыйындан кийин.

Президент Дональд Трамп былтыр 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгып кеткенден бери Иран менен АКШнын ортосунда чыңалуу күчөдү. Иран өткөн жумада уран байытуунун деңгээлин 2015-жылдагы өзөктүк келишимде белгиленген 3,67% чектен ашырган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар алынышы керек.

Бирок былтыр президент Дональд Трамп келишимде Ирандын ракеталык программасы жана Жакынкы Чыгыштагы күмөндүү аракеттери эске алынбай калганын жүйө келтирип, АКШ макулдашуудан чыгарын жарыялаган. Ага улай Иранга салынган санкциялар кайра жанданып, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөгөн.

Иран өзөктүк курал жасоону көздөй турганы жөнүндө Батыш өлкөлөрүнүн шек саноосун такай четке кагып келет. Урандын деңгээлин жарандык максатта төмөнкү чекте байытууга уруксат берилет.

2015-жылдагы келишимге ылайык, он жыл ичинде уранды байытыш үчүн колдоно турган центрифугалардын саны 5 миң 60тан, байытылган урандын көлөмү 15 жыл ичинде 300 килограммдан, ал эми уранды байытуунун деңгээли 3,67% жогору болбоого тийиш экени көрсөтүлгөн.

Атомдук курал үчүн керектүү уран 90 пайызга чейин байытылат. 2015-жылы келишимге кол койгонго чейин Иран уранды 20 пайыздык деңгээлге чейин, ал эми көлөмүн 10 миң килограммга чейин өндүрүп келген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG