Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:32

Иран уран байытуунун деңгээлин көтөрдү


Тегеран.

АКШ Иранга уран байытууну 2015-жылкы өзөктүк келишимде белгиленген чектен ашырганына байланыштуу кошумча санкцияларды киргизет.

Иран уран байытуунун деңгээлин 7-июлдан тартып көтөрдү. Тегеран мындай кадамга анын өзөктүк программасы боюнча түзүлгөн келишимден АКШ чыгып кетип, ал эми Европа мамлекеттери аны сактап калуу боюнча жетиштүү аракет көрбөгөндөн кийин барганын билдирүүдө.

«Ирандын акыркы кадамы анын мындан ары да изоляция болушуна жана санкцияларга алып келет. Өзөктүк курал менен куралданган Ирандын режими дүйнөгө мындан да коркунучтуу» деп жазды Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 7-июлда «Твиттердеги» баракчасына. Помпео кошумчалагандай, Ирандын акыркы аракеттерине АКШнын жообу кандай болору тууралуу Мамлекеттик департаментте өтө турган басма сөз жыйынында кеңири маалымат берилгени турат. Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга эскертүү берди:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

«Иран сак болсо болмок. Анткени алар бир гана себеп менен байытып жатышат. Мен ал эмне себеп экенин айтпайм, бирок ал пайдасыз. Аларга сак болгону жакшыраак болмок».

Иран уран байытуунун деңгээлин 2015-жылкы өзөктүк келишимде белгиленген 3,67% чектен 7-июлдан тартып ашырды. Бул тууралуу Ирандын Атом энергетикасы боюнча агенттигинин басма сөз катчысы Бехруз Камалванди кабарлады. Ал эми Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи Тегеран ар бир алтымыш күндө келишимде өзүнө алган милдеттенмелердин биринен баш тартарын билдирди:

«Өзөктүк программадагы өз милдеттенмелерибизден баш тарткан экинчи кадамыбызга анын европалык жана башка мүчөлөрү биздин талаптарды канааттандырбагандан кийин барып жатабыз. Өзгөчө мунай тармагында жана биздин кирешелерди кайтаруу ишинде алар татыктуу эч нерсе кылышкан жок».

Байытылган уран Иранда энергия өндүргөн өзөктүк реактордо отун катары пайдаланылат. Ошондой эле ал өзөктүк курал жасоодо колдонулуучу зат.

Иран өзөктүк курал жасоону көздөй тургандыгы жөнүндө Батыш өлкөлөрүнүн шектенүүсүн такай четке кагып келет. Урандын деңгээлин жарандык максатта төмөнкү чекте байытууга уруксат берилет.

2015-жылдагы келишимге ылайык, он жыл ичинде уранды байытыш үчүн колдоно турган центрифугалардын саны 5 миң 60тан, байытылган урандын көлөмү 15 жыл ичинде 300 килограммдан, ал эми уранды байытуунун деңгээли 3,67% жогору болбоого тийиш экени көрсөтүлгөн. Атомдук курал үчүн керектелген уран 90 пайызга чейин байытылат.

2015-жылы келишимге кол койгонго чейин Иран уранды 20 пайыздык деңгээлге чейин, ал эми көлөмүн 10 000 килограммга чейин өндүрүп келген.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар алынышы керек эле.

Бирок былтыр президент Дональд Трамп келишимде Ирандын ракеталык программасы жана Жакынкы Чыгыштагы күмөндүү аракеттери эске алынбай калганын жүйө кылып, АКШ макулдашуудан чыгаарын жарыялаган. Ага улай Иранга салынган санкциялар кайра жандандырылып, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөдү.

АКШнын өнөктөштөрү Франция, Германия жана Британия Тегеранды санкциялардан бошоткон келишимди сактоого Вашингтонду үндөп, бирок көндүрө алган жок.

2015-жылдагы келишимге ачык каршы чыккан Израилдин пермьер-министри Биньямин Нетьянаху 7-июлда Тегерандын акыркы аракеттерин сындады.

Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

«Уранды байытуу бир гана максатта - атом бомбасын түзүү максатында жасалууда», - деди ал.

2018-жылдан бери Трамп Иран экономикасын, анын ичинде мунай тармагын алсыратуу максатында 900дөн ашык компанияга жана адамга санкция салды. Анын айынан 2018-жылы Ирандын экономикалык өсүш ыргагы 4 пайызга төмөндөдү. Эл аралык Валюта Фондунун божомолуна ылайык, быйыл ал 6 пайызга азайышы мүмкүн.

Ал арада Ирандын коргоо министри Амир Хатами өткөн жумада «мунай алып бара жаткан ирандык танкерди Британиянын кармаганы кооптуу жана чеки кадам болгон» деген билдирүү жасады. Бул тууралуу ал 8-июлда мамлекеттик телеканалдагы сөзүндө айтты. Гибралтар өкмөтүнүн маалыматына караганда, Британиянын Аскер-деңиз күчтөрү 3-июлда Панаманын туусу менен бараткан «Грейс-1» танкерин кармаган. Аны кармоого кеме Евробиримдиктин санкцияларын бузуп Сирияга чийки мунай алып бараткан деген шек негиз болгон. Гибралтар соту кемени 14 күнгө чейин камакта кармоого уруксат берди.

Аббас Аракчи.
Аббас Аракчи.

«Британиянын билдирүүсүно карабастан, бул танкердин бара турган жери Сирия болгон эмес. Алар айтып жаткан Сириядагы порт бул сыяктуу зор танкерди кабыл ала албайт. Анын бара турган жери башка болгон. Ал Гибралтар кысыгындагы эл аралык суулардан өтүп бара жаткан. Британияга аны кармоого жол берген мыйзам жок», - деди Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи.

Кошмо Штаттар Гибралтар кысыгына жакын жерде мунай ташыган ирандык танкерди Британиянын кармап алышын «мыкты жаңылык» деп кубаттаган.

Иран 20-июнда АКШнын пилотсуз учагын атып түшүргөндөн бери эки өлкөнүн ортосунда чыңалуу мурдагыдан да күчөдү. Тегеран америкалык пилотсуз учак өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясында атып түшүрүлгөнүн кабарлаган. АКШнын Борбордук командачылыгы Тегеран америкалык пилотсуз учакты атып түшүргөнүн ырастап, бирок окуя Ирандын аймагында эмес, Ормуз кысыгында болгонун билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG